БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алып берем деп 10 кишини алдоого шектелген эркек киши кармалганын Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады.
Тартип сакчыларына М. А. аттуу караколдук кыз кайрылган. Айтымында, жаңы таанышкан Жеңиш аттуу жигит тааныш-билишине таянып Караколдо МИКтин батирин кезексиз алып берерин билдирген. Ал 6000 сом котортуп, ошону менен байланышты үзгөн.
"Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 28 жаштагы киши кармалды. Милиция колго түшүрүлгөн адам Караколдун дагы тогуз жашоочусун алдоого шектелип жатканын билдирди.
Укук коргоо органдары телефон же интернет аркылуу, өзгөчө, бейтааныштарга акча которуу менен байланышкан сунуштарга ишенбөөгө чакырат.