БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү соттун өкүмү чыкканга чейин эле конфискациялоо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Башкы прокуратура коомдук талкууга чыгарды.
Демилгечи тарап белгилегендей, учурдагы Конституцияга ылайык, менчик мүлктү камакка алуу соттун чечими менен гана ишке ашат. Анын өкүмү болбосо кылмышкерлердин байлыгын мамлекет конфискациялай албайт. Мындан тышкары, эгерде кылмыш иши сотто жыйынтыкталбаса, айыпкер качып кетсе, каза болсо же ага карата иш реабилитацияланбаган башка негиздер боюнча токтотулса, мүлктү камакка алуу мүмкүн эмес.
Башкы прокуратура мисалга Казакстандын тажрыйбасын келтирип, мыйзамдуу булактар менен алынганы далилденбеген активдерди мамлекеттин пайдасына алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.
Мыйзам долбоорунун негизги жоболору:
эгер айыпкер издөөдө болуп же кылмыш ишин козгоо токтотулганы менен мүлктү мыйзамсыз алганы жөнүндө маалыматтар ачыкталса, анда тергөөчү конфискация боюнча өзүнчө иш козгойт;
тергөөчү конфискациялоо жөнүндө материалдарды негизги жазык ишинен бөлүп алат жана аларды конфискациялоо өндүрүшүнүн материалдарына тиркейт;
тергөөнүн жүрүшүндө мүлктүн менчик ээси, анын кылмыш менен байланышы, үчүнчү жактардын аны кантип сатып алган жагдайлары текшерилет;
тергөөчү мүлктү конфискациялоонун зарылдыгы жөнүндө корутунду түзөт жана прокурорго кайрылат. Ал эми далилдер болсо конфискациялоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат;
сот прокурордун катышуусу менен конфискациялоо маселесин чечет, мында күбөлөр чакыртылышы мүмкүн;
сот конфискациялоого уруксат берип же тескерисинче, бөгөт коет. Чечимге даттанууга болот.