Мэрия Бишкектеги көмүр сатылып жаткан жерлерди тизмектеди

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы күз-кыш мезгилине карата 240,2 миң тонна көмүр даярдоо пландалганын, 11-ноябрга карата 159,43 миң тонна көмүр бар экенин (66,3%) билдирди.
Маалыматта мэриянын Отун-энергетикалык комплекси департаменти тиешелүү ведомстволор менен көмүр сатылган жерлерге барып, кара алтындын тоннасы 5 800 сомдон 8 000 сомго чейин сатылып жатканын аныкташканы айтылат. Мында нарк көмүрдүн маркасына жана чыккан жерине жараша өзгөрүп турары белгиленген.
Муниципалитет бүгүнкү күндө Бишкекте көмүр сатылган 10 отун базасы жана бир катар стационардык сатуу жайлары иштеп жатканын билдирди.

Отун базаларынын тизмеси

Ленин району:
Мурманский көчөсү, 126;
Мурманский көчөсү, 45/2. "Кара-Тоо" ЖЧКсы;
Мурманский көчөсү, 122, 122а. "Береке" ЖЧКсы;
Мурманский көчөсү, 1б. "Беш-Сары" ЖЧКсы;
Алыкулов көчөсү, 3;
Дэн Сяопин проспекти, 308/4. "Болотбеков" ЖИси;
Алыкулов көчөсү, 6б. "АбиевНурлан" ЖИси;
Алыкулов көчөсү, 1д/1.
Октябрь району:
Аламүдүн станциясындагы Төкөлдөш конушу, "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы.
Свердлов району:
Достоевский көчөсү, "Гефест" ЖИси.
Көмүр сатуучу стационардык пунктулар
Свердлов району:
Жеңиш проспекти, №23, "Лебединовка" МАБы;
Жеңиш проспекти, №289;
Биримдик-Кут конушу, 26-контур;
Ак-Жар конушу, борбордук көчө;
Алматы көчөсү, №262, "Аламүдүн" МАБы ;
Кыргыз көчөсү, 1/а, Төмөнкү Ала-Арча МАБы,
Кыргыз көчөсү №8, 10, 12, 20, 24.
Октябрь району:
Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
Көк-Жар айылы, 20-квартал, 7-Апрель көч., №32, Мадиев көч., 38;
Көк-Жар конушу, Полевая көчөсү, 1/7;
Кара-Жыгач конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши;
Төкөлдөш конушу, Сары-Өзөн көчөсү, 98а;
Рухий Мурас конушу, Анкара жана Биринчи көчөлөрүнүн кесилиши.
Биринчи май району:
Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, №50;
Озерное айылы, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
3.Щербаков көчөсү, №121;
Алтын-Бешик конушу, Мыскал жана Мидин көчөлөрүнүн кесилиши;
Кызыл-Кыя көчөсү, №172;
Калыс-Ордо конушу, айланма жол №207 МАБ;
Калыс-Ордо конушу, айланма жол;
Жаш гвардия, №177.
"Кыргыз көмүрдүн" жетекчиси Бишкекте отун тартыш деген даттанууларга жооп берди