Пресс-борбор

ЕАӨБдүн Кыргызстанда кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. ЕАӨБдүн Кыргызстанда кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын аталган банктын башкаруучуларынын төрагасы Тигран Саркисян айтып берди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышкан.
Сентябрда банк республика үчүн артыкчылык бериле турган 15 долбоорду аныктаган. Бүгүн алардын бир нечеси жөнүндө айтып берди. Саркисяндын маалыматына таянсак, маанилүү багыттардын бири президенттин администрациясы, тагыраагы, андагы ыкчам талкуу, анализ жүргүзүүчү борбордун ишке кириши болду.
"Бул — өлкө боюнча ар кыл маалыматтарды онлайн алууга шарт түзгөн майнаптуу механизм. Ага жалгаштырылган жасалма интеллект администрацияга кызыктырган бардык суроолорго жооп алууга көмөктөшөт", — деди Саркисян.
Мындан сырткары, Россиянын почтасынан Кыргызстандыкына акча жөнөтүү үчүн санарип платформаны түзүү иштери пландалып жатат. Буга кошумча, коммерциялык уюмдардын ортосунда электрондук жана санарип түрдө кол койгондо аны тастыктай турган кызмат да түптөлмөкчү.
Аталган банк видеокөзөмөл жасоо, үндү таануу, стенографиялоо сыяктуу системаларды киргизүү долбоорлорун колдойт. Андан сырткары, жүк, товар же ресурстарды көзөмөлдөөгө, коопсуздугун камсыздоого арналган системаны жана айыл чарба жаныбарларын кайда жүргөнүн байкап туруу боюнча санариптештирүүнү колдомокчу.
"Өлкөгө ыңгайлуураак вариантты тандоо үчүн Россия, Кыргызстан жана Казакстандын бул жааттардагы платформалар боюнча тажрыйба алмашуусу үчүн байланыштарды түздүк", — деген Саркисян.
Пресс-борбор
Саркисян: нейротүйүндөрдүн өнүгүшү менен ЕАЭБ алдында эки чоң маселе жаралды