БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Евразия" социалдык дүкөндөрүнүн төртүнчүсү ачылды.
Ал Манас көчөсү, 97 дарегинде жайгашкан.
"Евразия" уюмунан социалдык дүкөндөр тармагын кеңейтүүнүн максаты пенсионерлерди, ардагерлерди жана майыптыгы барларды колдоп, турмуш-тиричиликке керек болгон товарлар менен кымбат эмес баада камсыздоо экенин айтышты.
Буга чейин үч дүкөн ачылып, алар Токтогул көчөсү, 146/1, Асанбай кичи району, 8/3 жана Акматбек Сүйүмбаев, 17 (Москва көчөсү, 7 менен кесилишет) даректеринде жайгашып, иштеп жатат.
"Биз үчүн мындай иштер жөн гана соода түйүнүн кеңейтүү эмес. Бул — жардамга муктаж адамдарга сапаттуу продукцияларды жеткирүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам. Элден көп пикирлерди жана ыраазылыктарды уктук. Бул бизди алдыга жылууга, өнүгүүгө, жаңы дүкөндөрдү ачууга жана кардарлар үчүн ыңгайлуу, бирдей шарттарды түзүүгө шыктандырат", — деди аталган уюмдун аймактык "Евразия Кыргызстан" кеңсесинин жетекчиси Кымбат Урумкулова.
Дүкөндөн азык-түлүктү аты-жөнү көрсөтүлгөн социалдык карта аркылуу сатып алууга болот. Аны дүкөндөн анкета толтурганда бекер беришет.
Долбоор "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында ишке ашууда.
"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар кандай маданиятты алып жүргөн адамдарга бири-бири менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү, медицина, жаштар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырат.