Көчүп келген этникалык кыргыздардын канчасы жарандык алды? Соңку маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында 711 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта Кыргызстан эгемендик алгандан бери 70 миң кандаш көчүп келип, анын 65 миңи өлкө жарандыгын алганы айтылат.
Министрлик быйыл кайрылман макамын алган этникалык кыргыздар кайсы мамлекеттен келгенин көрсөттү:
Өзбекстандан — 54 адам;
Тажикстандан — 629;
Кытайдан — 12;
Россиядан — 7;
Афганстандан — 1.
Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Бул мезгил аралыгында жаңы макам алгандар Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышы кажет. Белгилей кетсек, кайрылмандар социалдык жөлөк пул, пенсия, медициналык-санитардык жардам, били алуу укугуна ээ. Мындан тышкары, өлкө аймагында ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн алат.
Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды