13-ноябрга карата аба ырайы

13-ноябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Республика боюнча бейшембиде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында 14…19, Таласта 11…16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 13…18, Ысык-Көлдө 9…14, Нарын өрөөнүндө 6…11 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте 14…16, Ош шаарында 15…17 градус болот.
Министрлик: мектептерде сабак бүткөндөн кийин жарык өчүрүлүшү керек