Байыртан кыргыз элинде чүкө оюндарынын түрлөрү ойнолуп келген. Ал тургай ордо чийип, чүкө, сака чогултуп, эл жакшылары ойногон ордо оюнун хан оюну деп, кабар менен келген чабарман да буза албай күтүп турчу экен. Кыргыз үчүн мына ушундай өзгөчө орду бар чүкө жөн гана оюнчукпу, деген суроо жаралат. Окумуштуулардын айтымында чүкө оюну, анын философиясы бир эле кыргызда эмес, көптөгөн башка элдерде да болгон.
Көчмөн калк түпкүлүгүн жоготпой сактап келген чүкө оюндарынын башаты кайсы доордо? Маани-маңызы кандай? Окшоштуктар дагы кайсы элдерден табылат?
Бул суроолорубуздун баарына чүкөнү изилдеп, илимий жактап аныктама берип келаткан илимпоз, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендеева жооп берди.