Кыргызстанда мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү соттун өкүмү чыкканга чейин эле конфискациялоо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Башкы прокуратура коомдук талкууга чыгарды. Демилгечи тарап белгилегендей, учурдагы Конституцияга ылайык, менчик мүлктү камакка алуу соттун чечими менен гана ишке ашат. Анын өкүмү болбосо кылмышкерлердин байлыгын мамлекет конфискациялай албайт. Мындан тышкары, эгерде кылмыш иши сотто жыйынтыкталбаса, айыпкер качып кетсе, каза болсо же ага карата иш реабилитацияланбаган башка негиздер боюнча токтотулса, мүлктү камакка алуу мүмкүн эмес. Башкы прокуратура мисалга Казакстандын тажрыйбасын келтирип, мыйзамдуу булактар менен алынганы далилденбеген активдерди мамлекеттин пайдасына алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.
Кыргызстан Россиядан мурда түзүлгөн меморандумдун алкагында кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан адаптацияланган россиялык окуу китептеринин ири партиясын алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуу китептеринин жалпы нускасы 651 миңди түзөт. Китептер Россиянын аймагында басылып чыгып, Кыргызстанга толугу менен жеткирилди. Жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт. Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн ылайыкташтырылып, атайын эксперттер тарабынан текшерүүдөн өткөн. Күн мурун Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге окуу китептерин өткөрүп берүү жөнүндө сертификатты тапшырды. Учурда 3-, 4-, 6-, 8- жана 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ыңгайлаштыруу боюнча иштер башталганы кошумчаланды.
Бишкек мэриясы күз-кыш мезгилине карата 240 миң 200 тонна көмүр даярдоо пландалганын, 11-ноябрга карата 159 миң 43 тонна көмүр бар экенин билдирди. Маалыматта мэриянын Отун-энергетикалык комплекси департаменти тиешелүү ведомстволор менен көмүр сатылган жерлерге барып, кара алтындын тоннасы 5 800 сомдон 8 000 сомго чейин сатылып жатканын аныкташканы айтылат. Мында нарк көмүрдүн маркасына жана чыккан жерине жараша өзгөрүп турары белгиленген. Муниципалитет бүгүнкү күндө Бишкекте көмүр сатылган 10 отун базасы жана бир катар стационардык сатуу жайлары иштеп жатканын билдирди.
Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алып берем деп 10 кишини алдоого шектелген эркек киши кармалганын Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады. Тартип сакчыларына М. А. аттуу караколдук кыз кайрылган. Айтымында, жаңы таанышкан Жеңиш аттуу жигит тааныш-билишине таянып Караколдо МИКтин батирин кезексиз алып берерин билдирген. Ал 6000 сом котортуп, ошону менен байланышты үзгөн. "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 28 жаштагы киши кармалды. Милиция колго түшүрүлгөн адам Караколдун дагы тогуз жашоочусун алдоого шектелип жатканын билдирди. Укук коргоо органдары телефон же интернет аркылуу, өзгөчө, бейтааныштарга акча которуу менен байланышкан сунуштарга ишенбөөгө чакырат.