Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганга учак кулап, 20 аскердин каза тапканына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ал Азербайжандан Түркияга бара жаткан аскердик учактын кырсыкташын терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген. "Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн сизге жана Түркиянын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп телеграммада айтылат. Кечээ, 11-ноябрда, Грузия аймагында түрк аскердик-транспорттук Lockheed C-130 Hercules учагы кулап, ал 20 аскер кызматкеринин өмүрүн алган. Анкара Тбилиси менен биргелешип издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, Грузияда авиакырсыкты иликтөө иштери башталды.
Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус башчысы Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Учурда чек араны тосуу жумуштары райондун Максат айылынын аймагында жүрүүдө. 2025-жылдын 12-ноябрына карата жалпы Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылды. Анын ичинен Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулду. Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынды. Чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү максатында, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактарды турак үй, короо жай, бак дарактардан тазалоо жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет. Лейлек району боюнча 108 объект бузулган. Анын ичинде турак үй, мал сарай, ашкана, мончо сыяктуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык багыттагы объекттер бар. Бул багытта көз карандысыз эксперттер объекттерге баалоо жүргүзүүдө. Жарандар бул иш аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасоодо.
Токмокто телефон шылуундары аялдын 4 миллион 700 мин сомун котортуп алышкан. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди. Маалыматка караганда, 60 жаштагы жаран милицияга кайрылып, өздөрүн УКМКнын, Чүй облустук ИИББдин жана Улуттук банктын өкүлдөрү катары тааныштырган шылуундар эсебиндеги акчасын котортуп алганын айтып арызданган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучунун каражаты 25 жаштагы жарандын атына ачылган эсепке түшкөнү аныкталган. "25 жаштагы жаран сый акы үчүн өзүнүн банктык картасын, эсебин жана мобилдик банкингин шылуундарга толук өткөрүп берип, ортомчу болгон", — деди ИИББ. Козголгон кылмыш ишинин алкагында алдамчылыкка шектелип 22 жаштагы жана 23 жаштагы жарандар кармалды. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот бөгөт чарасын карап электрондук көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө амалдары уланууда. Ал эми банктык карталарын өткөрүп берген ортомчуга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Электрондук төлөм инструменттерин, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу беренеси боюнча иш козголгон.