Өспүрүмдөр арасында синтетикалык баңгизаттардын жайылышы — абал жана чаралар

Sputnik
Синтетикалык наркотиктер өспүрүмдөрдүн арасында акыркы жылдары кеңири жайылып жатканы байкалууда. Соңку 9 айда өлкөдө 798 кг синтетикалык баңгизат алынды. Мындай заттар көбүнчө 14-16 жаштар арасында көп колдонулуп жатат. Ушул жылы Республкалык наркология борборуна психоактивдүү заттарды колдонгон 209 өспүрүм кайрылган.
Бүгүнкү күндө алар интернет, жашыруу ыкмасы аркылуу таратылууда. Баңгизаттарды саткандар, ташыгандар жана нарколабораторияларды ачышкандардын жоопкерчилиги кандай болот? Өспүрүмдөрдүн арасында синтетикалык наркотиктердин жайылышынын негизги себептери эмнелер менен байланыштуу? Ага каршы кандай алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат?
Ушул жана башка суроолорубузга ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Үсөновдон жооп ала алдык.