БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий байланыштардын активдүү динамикасына канааттанарын айтты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Президент Россия өкмөтүнүн вице-премьери Алексей Оверчукту кабыл алып, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктаган. Жапаров көп жактуу кызматташтыкка токтолуп, Кыргызстан менен Россия интеграциялык бирикмелердин (ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУда) алкагында активдүү кызматташып жатканын белгилеген.
Ал эми Оверчук Кыргызстан Россия үчүн Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин айтып, эки тараптуу кызматташтык өз ара сыйга, жалпы тарыхка, ишенимге негизделгенин кошумчалады.