Оверчук: ЕАЭБ интеграциясы Кыргызстан менен Россиянын алакасын бекемдейт

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын чарбалык байланышынын чыңдалышына ЕАЭБ алкагындагы интеграция чоң салым кошууда. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрага орун басары Алексей Оверчук Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.
"Бирикме ыкчам өнүккөн уюмга айланды. Мүчө мамлекеттердин ар бири келечек үчүн улуттук жана жалпы аймактык кызыкчылыкты коргоо жаатында биргеликте иш жүргүзүүдө", — деди ал.
Оверчук Россия Кыргызстанга санарип көз карандысыздыгын бекемдөөгө жардам берерин белгиледи. Вице-премьердин айтымында, Россия тарап кыргызстандык кесиптештерине жаңы технологияларды киргизүүгө, өзгөчө маалыматтык коопсуздук, жасалма интеллект, адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу багытында колдоо көрсөтөт.
Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФ вице-премьери Алексей Оверчук тең төрагалык кылып жатат.
Касымалиев: кыргыз-орус товар жүгүртүүсү 5 млрд. долларга жакындоодо