ЕАЭБ менен Индия соода келишимин түзүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ менен Индия жеңилдиктер каралган соода келишимин иштеп чыгууда. Бул тууралуу ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев Индия элчиси менен жолукканда айткан.
Учурда сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабын баштоого даярдык жүрүп жатат.
"ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык байланышы туруктуу бойдон калууда. Өз ара соодада алымдарды жоюу уюм менен аталган өлкө ортосунда экономикалык алаканын кеңири мүмкүнчүлүгүн ачууга кошумча өбөлгө болот", — деген Слепнев.
ЕАЭБ ичинде айлык акы Кыргызстанда тезирээк өсүүдө