БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Америка украин жаңжалынан 150 миллиард долларлык чыгым тартканын билдирип, жакында кырдаал бир жаңсыл болорун убадалады. Бул тууралуу ал Ак үйдө айтканын РИА Новости жазды.
"Сегиз согушту токтотконумду унутпаңыздар, тогузунчусу да соңуна жакындап калды. Колуман келет деп ойлойм", — деген мамлекет башчысы.
Президент АКШ Украинанын айынан "өлкө катары чыгымга учураганын" белгилеген. "Биз 350 миллиард доллар сарптадык", — деди Трамп.
Өлкө лидери бул суммага мурунку администрациянын тушунда Киевге берилген курал-жаракты баалаган.