БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында элден 310,4 миллиард сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул сумманын ичинен 66 миллиард сому камсыздандыруу төгүмдөрүнөн топтолгон.
"Салык коюлган пландан 12,7 миллиард сомго көп жыйналды. Ал эми былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 73,2 миллиард сомго өскөн", — деди аталган кызмат.
Ошондой эле киреше салык жүгүн көбөйтүүдөн эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасынын кеңейишинен, санариптештирүүдөн улам өскөнү кошумчаланды.