Касымалиев: Россия — Кыргызстандын ишенимдүү союздашы

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россия — Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев РФ вице-премьери Алексей Оверчук менен жолугушуусунда билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Касымалиев менен Оверчук отурумга тең төрагалык кылууда.
"Бүгүнкү жыйын Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганына 25 жыл толгон жылга тушташ өтүүдө. Бул тарыхый документ азыркы кездеги эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды. Биздин лидерлердин саясий эркинин аркасында кыргыз-орус мамилелери ырааттуу өнүгүп жатат", — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле жетишилген макулдашууларды өз убагында жана толук ишке ашыруу өкмөттөрдүн негизги милдети экенин белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан Россиянын президенти Владимир Путиндин алдыдагы сапарына кызуу даярдык көрүп жатканын кошумчалады.
Россия элчиси Токмокко барып мэр менен бир катар долбоорлорду талкуулады