Минбаева: жасалма интеллект Дарвиндин түшүнө да киргис деңгээлге жетти

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жасалма интеллект Чарлз Дарвиндин түшүнө да киргис деңгээлге жетип, өнүктү. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстандын социалдык тармактар боюнча шеф-редактору Асель Минбаева КМШнын алкагында өтүп жаткан "Чалкеш замандагы медианын өнүгүшү" деп аталган медиафорумда сүйлөп жатканда билдирди.
Ал иш-чарада нейротармактардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жараткан маселелерине токтолду.
Эгерде жаңы келген кызматкерлер жасалма интеллектини колдонсо каршы болбостугун айтты.

"Эгер ал чатGPTни өзү үйрөтүп, ага өзүнүн аракетин кошуп, эмгек кылса, анда кандай мыкты адис экенин түшүнөбүз. Бизге так ушундай адамдар керек", — деген ал КМШнын алкагында өтүп жаткан "Чалкеш замандагы медианын өнүгүшү" деп аталган медиафорумда.

Минбаева ЖИнин ката кетирген жерлерин кошпогонун эске албаганда, тездик менен өнүгүп жаткандыгына токтолуп, жакында ал "журналисттердин төрттөн үч бөлүгүнөн акылдуурак" болот деген пикирин кошумчалады.
Дмитрий Киселев КМШдагы ЖМКлардын өзөгүн эмне түзүшү керектигин айтты