БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү ишенимдүү 5 миллиард долларлык чекке баратат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 миллиард долларды түзгөн.
"Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарына кирет. Мисалы, өткөн жылы Россиянын үлүшү 22 пайызды түздү. Биздин өкмөт өз ара сооданы 5 миллиард долларга жеткирүү максатын койгон, ушул багытта ишенимдүү бара жатабыз", — деди Касымалиев.
Министрлер кабинетинин башчысы электрондук соода системасын өнүктүрүүгө жана ченемдик-укуктук базаны жакшыртууга басым жасады. Мындан тышкары, бизнестин чыгымдарын азайтуу боюнча чаралар көрүлүп, логистикалык коридорлор кеңейтилип, экспортерлорду колдоо күчөтүлүп жатканын кошумчалады.
"Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бирдиктүү санариптик соода инфраструктурасын өнүктүрүү чакан жана орто бизнес үчүн өнүгүүнүн жаңы драйвери болуп калышы мүмкүн. Кыргызстан интеграциялык процесстерди бекемдөөнү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү, өнөр жай жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү жактайт", — деди ал.