БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. БУУнун штаб-квартирасында "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли концерт койду. Бул туурасында ТИМден билдиришти.
Музыка кечеси "Тоолордон океандарга чейин" деп аталып, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына (КС-30) арналган. Иш-чара эл аралык коомчулукту тоолордун экосистемасын жана океандарды коргоо үчүн биргелешкен аракеттерге чакырган.
Комуз менен ооз комуздун күүсү, улуттук музыкалык башка инструменттердин аваздары жана аларды коштогон видеокадрлар Ала-Тоонун ак карлуу тоолорун, шылдырап аккан булакты, жапжашыл тулаң чөптү көз алдыга тартты. Адам менен табигаттын ажырагыс бүтүндүгүн музыканын тили менен баяндап берди.
Иш-чараны Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү жана Тонга падышалыгынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурган.