12-ноябрга карата аба ырайы

12-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас облусунда 9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 12…17, Ысык-Көлдө 7…12, Нарын өрөөнүндө 4…9 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 12…14, Ош шаарында 14…16 градуска жетет.
Улуттук банк 173,9 млн. доллар сатты