“Туяк” программасында Кыргыз республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчүсү Жамила Маматованы эскердик. Жамила Маматова кыргызтелерадио корпорациясында “Сыбызгы”, “Музыкалык жолугушуу”, “Элдик күүлөр”, “Симфония дүйнөсүндө”, “Асылдар ааламы” программаларын негиздеп, көп эмгектерди жасаган. Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын ишмердигин чагылдырууда мыкты иштерди жасап, музыка жаатында көп изилдөөлөрдүн үстүндө эмгектенип, бир канча китеп жазганын, аялзаты, эне катары да кандай сапаттарга эгедер болгонун Салима Маматова айтып берди. Ал эми шакирти Рита Тилемишова профессионал адис катары Маматованын сапаттарын, билимин, кеменгерлигин белгиледи.