Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер

Sputnik
Бишкекте мектеп директорлорунун III форуму өттү. Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Россотрудничество өлкөнүн аймактарындагы 300 мектептин директорлорун жана алардын россиялык кесиптештерин чогултуп форум өттү. Үч күндүн ичинде катышуучулар башкаруунун учурдагы көйгөйлөрүн талкуулап, тажырыйба алмашат. Ошондой эле өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кесиптик байланыштарды түзүшөт. Секция менен мастер-класстардын темалары маселелердин кеңири чөйрөсүн камтып, мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курстары башталды.
“Ачык кеп” программасында мейманда мектеп директору Нургүл Жумалиева болуп, форумда көтөрүлгөн маселелер тууралуу айтып берди.