Россия — Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев РФ вице-премьери Алексей Оверчук менен жолугушуусунда билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Касымалиев менен Оверчук отурумга тең төрагалык кылууда. "Бүгүнкү жыйын Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганына 25 жыл толгон жылга тушташ өтүүдө. Бул тарыхый документ азыркы кездеги эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды. Биздин лидерлердин саясий эркинин аркасында кыргыз-орус мамилелери ырааттуу өнүгүп жатат", — деди Касымалиев. Ал ошондой эле жетишилген макулдашууларды өз убагында жана толук ишке ашыруу өкмөттөрдүн негизги милдети экенин белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан Россиянын президенти Владимир Путиндин алдыдагы сапарына кызуу даярдык көрүп жатканын кошумчалады.
27-ноябрда Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити азыркы геосаясий кырдаалда аймактык туруктуулукту сактоо, террордук мүнөздөгү коркунучтарды жана экстремизмдин көрүнүштөрүн нейтралдаштыруу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталат. ЖККУ катчылыгынан "Кабар" маалымат агенттигине билдиришкендей, саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүнүн кеңири спектрин талкуулоо жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын чыгаруу пландалууда. Бишкектеги саммитте ЖККУга төрагалык Кыргызстандан Россияга өтөт. Ага ылайык, россиялык тарап алдыдагы мезгилге карата өзүнүн артыкчылыктарын сунуштайт. Ошол эле учурда башкаруу органдарындагы жетекчилик курамды ротациялоонун белгиленген тартибине ылайык, Кыргызстан президенттердин бекитүүсүнө ЖККУнун башкы катчысы кызматына талапкерди сунуштайт."Жамааттык коопсуздукту чыңдоонун ар кандай аспектилерине тиешелүү көп сандаган документтердин пакети мамлекет башчыларынын кароосуна киргизилет. Дүйнөдөгү жана ЖККУнун аймагындагы абалга баа берүүнү, ошондой эле аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого болгон мамилелерди камтыган ЖККУнун декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда", - деп билдиришти катчылыктан.
Украинада атышуунун токтошу менен эле жаңжалдын баштапкы себептери жоюлуп кетпейт. Бул тууралуу Россиянын БУУДагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маек учурнда айтканын РИА Новости кабарлады. "Ушу тапта Владимир Зеленский менен европалыктар атышууну токтотууну талап кылып жатышат. Бул болгону алардын согуш талаасындагы оор абалынын чагылышы, аларга азыр адам ресурсу жетишпей турат. Бир аз дем алып алып, кайрадан Украинага курал-жарак ташуу үчүн убакыт керек. Бирок тирешүүнү, атышууну токтотуп, биз жаңжалга себепкер болгон маселелерди чече албайбыз", — деди РФ өкүлү. Небензя муну менен бирге Батыш Украинаны колдонуп Россияны тизелете албасын жакшы түшүнөрүнө токтолгон. "Бул — Украина менен да эмес, бүтүндөй Батыш менен каршылашуу. Алар үчүн Киев болгону Россияга сокку уруу үчүн пайдаланыла турган курал. Азыр аны көп айтпай калышты, анткени Россияны жеңип алуу мүмкүн эмес экенин аз-аздап түшүнүп келе жатышат", — деди дипломат.