Бишкек шаарында дизайн-коддун экинчи этабы ишке ашырылып, анын алкагында имараттардын фасаддарында жайгашкан кабелдик байланыштар тартипке келтириле баштады. Байланыш операторлору жана объект ээлери фасаддар боюнча тартылган кабелдерди өз алдынча алып, аларды жер алдынан же ички фасаддар аркылуу өткөрүшү керек. Мындай талап Бишкек шаардык кеңешинин №134 токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө. Азырынча иштер Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Чүй, Жибек Жолу, Айтматов проспектилеринде жүрүп жатат. Шаардыктарга фасаддагы кабелдер боюнча өз интернет-провайдерлерине кайрылуу сунушталууда. Бул иш-аракеттер борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы сүрөтчүсү Сыймык Рысбек уулу маалымдады.