Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында элден 310,4 миллиард сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты. Маалыматка караганда, бул сумманын ичинен 66 миллиард сому камсыздандыруу төгүмдөрүнөн топтолгон. "Салык коюлган пландан 12,7 миллиард сомго көп жыйналды. Ал эми былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 73,2 миллиард сомго өскөн", — деди аталган кызмат. Ошондой эле киреше салык жүгүн көбөйтүүдөн эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасынын кеңейишинен, санариптештирүүдөн улам өскөнү кошумчаланды.
Улуттук банк кечээ, 10-ноябрда, 173,9 миллион доллар сатып, жыл башынан берки алтынчы интервенциясын жасады. Операция доллар 87,45 сом болуп турганда жүргүзүлүп, базарда АКШ валютасынын баасы туруктуу бойдон калган. Жыл башынан бери Улуттук банк 590,5 миллион доллар саткан.Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги курал катары пайдаланат.
Өлкө аймагында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал күн мурун Бишкек шаардык кайгуул кызматынын кечки нускамасына катышып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында тиешелүү нускамаларды жана ИИМдин буйруктарын кызматкерлерге жеткирди. Айрыкча түнкүсүн шаар тургундарына тынчтык бербей, унаа жарыштарды уюштурган, катуу ылдамдыкта унаа башкарган жана жол кырсыктарына себеп болгон айдоочуларга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мас абалында унаа айдаган айдоочуларга карата жазаларды күчөтүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, кызматкерлердин ишин жогору баалап, мындан ары да жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча рейддик жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүү керектигин баса белгиледи.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графигин жарыялады. Боршайкомдун маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча 30 көп мандаттуу шайлоо округдарынын талапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушуулары 10-26-ноябрга пландаштырылган. Жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өткөрүшөт.
АКШ президенти Дональд Трамп Америка украин жаңжалынан 150 миллиард долларлык чыгым тартканын билдирип, жакында кырдаал бир жаңсыл болорун убадалады. Бул тууралуу ал Ак үйдө айтканын РИА Новости жазды."Сегиз согушту токтотконумду унутпаңыздар, тогузунчусу да соңуна жакындап калды. Колуман келет деп ойлойм", — деген мамлекет башчысы.Президент АКШ Украинанын айынан "өлкө катары чыгымга учураганын" белгилеген. "Биз 350 миллиард доллар сарптадык", — деди Трамп.Өлкө лидери бул суммага мурунку администрациянын тушунда Киевге берилген курал-жаракты баалаган.