Улуу Жеңишке 80 жыл! Архив барактарында согуш жылдарындагы кандай баалуу документтер сакталган?

Sputnik
Архив кызматы быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата көргөзмөлөрдү уюштуруп, расмий тилде китептерди чыгарды. Архивде согуш мезгилине байланыштуу баалуу документтер, каттар, фотоматериалдар сакталган. Негизинен өлкөнүн архивдеринде 4 миллион 400 миңден ашуун сактоо бирдиги бар. Алардын басымдуу бөлүгү кагаз түрүндө, андан тышкары кинодокумент, фотодокумент, фонодокумент жана видеодокумент түрүндө сакталууда. Архив документтери кандай шарттарда сакталары, аймактык архивдердин абалы жана бул тармакта кадр маселеси, жаш дистерди тартуу аракеттери тууралуу Архив кызматынын Улуттук архив фондунун документтери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Элнура Эсенаманова жана ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү адиси Саамайгүл Шабданова айтып беришти.