Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Жогорку Кеңешке шайлоо: 30 округдан чыккан талапкерлердин тизмеси

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 30 округдан чыккан 412 талапкерди каттады. Каттоо өнөктүгү соңуна чыгып, бүгүндөн, тагыраагы, 10-ноябрдан тарта үгүт иштери башталды.
Sputnik
Талапкерлердин арасында парламенттин азыркы депутаттары, мурдагы аткаминерлер, соцтармактын активдүү колдонуучулары жана артисттер да бар.
Мисалы, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, белгилүү ырчы Бактияр Токторов ("Буй-буй" ырынын аткаруучусу), президенттин мурдагы кеңешчиси Болот Ибрагимов жана башкалар аттанууда. БШКга ишкерлер, жумушсуздар жана пенсионерлер дагы арыз тапшырышты. Талапкерлердин толук тизмеси менен биздин сайттан таанышууга болот.