БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Европа лидерлери өз элинен кооптонуп Украина аймагына аскер күчүн жөнөтпөй жатат. Бул тууралуу Владимир Зеленский The Guardian басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
"Лидерлер коомчулуктан коркуп жатат, согушка катышууну каалашкан жок", — деген Зеленский.
Ал европалык союздаштарынын финансылык жана аскердик колдоосунан ажырап калам деп корккондуктан бул маселеге басым жасабаганын билдирген.
Белгилей кетсек, октябрдын аяк ченинде Euractiv басылмасы Евробиримдиктин аскер комитетинин жетекчиси Шон Клэнсиге таянуу менен Украинага аскер инструкторлорун жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча талкуулар АКШнын тынчтык орнотуу аракетинен улам жанданганын жазып чыккан. Мында Брюссель зарылдык жаралмайынча аскер жөнөтпөй турганы белгиленген. Анын бири атышуунун токтотулушу эле.
Россия ТИМи Украинага НАТО өлкөлөрүнүн аскер күчүнүн жайгашуусу кабыл алынгыс нерсе экенин белгилеп, кырдаалды кескин курчутуп жиберерин эскерткен. Москва контингенттин жөнөтүлүшү тууралуу билдирүүлөрдү согуштук аракеттердин уланышына шыкактаган кадам деп атаган.