БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков атайын аскердик операциянын Россиянын шарты менен аякташын каалаган украиналыктардын саны өсө берерин, бул туруктуу тенденция экенин билдирди.
Кремль өкүлүнө Украина Илимдер академиясынын Социология институтунун директору Евгений Головаханын "согушту Россиянын шарты менен аяктоого макул болгон украиналыктардын саны 2022-жылдан бери төрт эсе өстү" деген билдирүүсүнө Москва кандай карайт деген суроо узатылган.
"Украинада бул айтылгандарга ишеним канчалык экенин биз билбейбиз. Коомчулук азыр чочуп, кооптонуп турат. Бирок баары согуштан чарчады, бул айныгыс чындык. Мындай адамдардын саны көбөйө бермекчи", — деп жооп берди Песков.
Ал муну менен бирге Россия Украинадагы согушту "болушунча тезирээк" бүткөрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Песковдун айтымында, тирешүү Россия качан гана өзүнүн түпкү максатына жеткенде токтойт.
"Биз саясий-дипломатиялык жолго ыктайбыз, бул тууралуу бир нече ирет айтылган. Россия тарап сүйлөшүүгө дайым ачык", — деди Кремлдин өкүлү.