БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук РФ тарабынан Бишкекте курулуп жаткан мектепке барышты.
Окуу жай 1 224 окуучуга ылайыкташкан. Оверчуктун айтымында, бул заманбап мектеп болот.
"Эки бассейн, спортзал, футбол талаасын куруу пландалган. Курулуш иштери боюнча кыргызстандык кесиптештерибиз менен жакшы иштешип жатабыз. Баары өз убактысы менен жакшы баратат. 1,5 жылдан кийин балдар окуусун баштап калат деген ойдобуз", — деди ал.
Аталган мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ишке кирери айтылган. Ушундай эле дагы сегиз билим берүү жайы Кыргызстандын калган аймактарына салынат. Жаңы мектептерден 11 миңден ашуун бала билим алары кабарланган.