ЖМК: Нью-Йорк шаарга Улуттук гвардиянын киришине даярданууда

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Нью-Йорктун бийлиги президент Дональд Трамптын буйругу менен АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин шаарга киришине даярданып жатат. Бул тууралуу Politico басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, калаадагы бир катар кызмат адамдары, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, саясатчылар тымызын жолугушуп, Трамп Улуттук гвардияны же башка федералдык күч түзүмдөрүн шаарга жөнөтүшү мүмкүн болгон жагдайларды талкуулашкан.
Губернатор Кэти Хокул жаңы мэр Зохран Мамдани шайлангандан кийин Дональд Трамптын күтүүсүз аракеттерине тынчсызданып, виртуалдык ыкчам штаб түзүп, бир нече жолугушууларды өткөргөн.
"Биздин максат — алдын алуу. Эгер алдын албасак, жок дегенде кечеңдетүү", — деп белгилеген Нью-Йорк штатынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын директору Жеки Брэй.
Жакында эле демократ-социалист Зохран Мамдани Нью-Йорктун мэри болуп шайланган. Ал — калаанын тарыхындагы эң жаш жана бул кызматка келген биринчи мусулман. Мамдани арзандатылган азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу, батирлердин айрым бөлүгүнө ижара төлөмүн тоңдуруу жана автобустарда акысыз жүрүү системасын киргизүүнү жактайт. Дональд Трамп аны "коммунист" деп атап, Нью-Йоркко федералдык жардамды токтотууну убада кылган.
Сентябрда Трамп Нью-Йорк, Чикаго, Мемфис жана Жаңы Орлеанга кылмыштуулукка каршы чара катары Улуттук гвардияны киргизүүнү пландап жатканын билдирген.
Мындан тышкары, президент мурда Вашингтондогу полициянын ыйгарым укуктарын федералдык деңгээлге өткөрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген аймактарга Улуттук гвардияны жайгаштырган.
Трамп буга чейин Вашингтондун укук коргоо органдарынын айрым ыйгарым укуктарын федералдык башкарууга өткөрүп берип, шаарда болуп көрбөгөндөй кылмыштуулук бар экенин билдирген. Убактылуу өзгөчө кырдаалдын алкагында бир катар жерлерге Улуттук гвардия жайгаштырылган.
Шатдаундан улам Нью-Йорк штатында өзгөчө кырдаал режими кирди