БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын 12-18-ноябрь күндөрү Манас шаарында MANAS CUP 2025 эл аралык футбол беттештери өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиянын Олимпиадалык жаштар (U-23) курамалары күч сынашат.
Улуттук курама ойногон беттештердин жүгүртмөсү:
Кыргызстан — Бахрейн (12-ноябрь, саат 19:00);
Иран — Кыргызстан (15-ноябрь, саат 19:00);
Кыргызстан — Россия (18-ноябрь, саат 19:00).
Бардык оюндар "Курманбек" стадионунда болот.