1941-жылы 10-ноябрда Кызыл армиянын Тихвин стратегиялык чабуул операциясы башталган. Бул Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан берки алгачкы контрчабуул эле. @SputnikLive кандуу тиреш Ленинградды толугу менен курчап алабыз деген фашисттердин тилегин кандайча таш каптырып, түндүк фронттогу абалды кантип түп-тамырынан өзгөрткөнүн эскерди.
...Ленинграддагы абал өтө начар эле. Тихвинге умтулган немецтер шаарды кош курчоого алып, финдер менен биригүүнү көздөшкөн, анда калаа толук изоляцияда калмак. "Ачарчылык башталды. Күн сайын бомбалоо, октун үнү, адамдар иштеп жаткан жеринде каза таап жатышты", — деп эскерет ал күндөрдү кенже лейтанант, чалгын ротасынын командири Николай Моисеенко.
Тихвинди басып алган гитлерчилер мааниси чоң түйүндү көзөмөлдөп турушкан. 4-армиянын командачысы Кирилл Мерецков контрсокку уруп, душман шаардан кыйла алыстаган. 350 чакырым бери кирип келген немецтер эсин жыйгыча советтик командачылык масштабдуу чабуул операциясын даярдап алууга жетишкен.
8-декабрь күнү эртең менен Моисеенконун ротасы операциясын баштап, немецтердин пункту катары кызмат кылган Тихвиндеги монастырды алган. "Шамдагайлык кылдык, кармаш 10 мүнөттөн ашкан жок. 30 кишини жок кылып, 60ын туткундап алдык, олжобуз ушул", — деген командир.
Душман алаксып турганда Кызыл армиянын башка бөлүктөрү шаардын тосмосун бузуп кирип барышкан. Аларга жергиликтүү тургундар көмөкчү болушту: Тихвиндин жашоочулары Дмитрий Виноградов менен Виктор Николаев аймакты коен жатагына чейин билгендиктен чалгынчыларды эч бир көзгө чалындырбай, монастырга алып келишкен.
9-декабрда Тихвин бошотулган. Бул жеңиш душмандын армиясынын биригишине жол бербей, темир жол байланышын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн эле.