БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Би-би-синин башкы директору Тим Дэйви Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн сынга кабылгандыктан отставкага кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Тим Дэйви менен аткаруучу директор Дебора Тёрнесс Би-би-синин Panorama даректүү тасмасы АКШ президентинин сөзүн бурмалап, көрүүчүлөрдү адаштырды деген сынга кабылгандан кийин кызматтан кетип жатышат", — деп айтылат телерадиокомпаниянын сайтында.
Дэйви кийинчерээк жарыяланган кайрылуусунда Би-би-си жалпысынан жакшы иштеп жатканын, бирок анча-мынча ката кеткенин моюндаган.
Буга чейин Telegraph гезити Би-би-синин материалы Трамп Капитолийдеги башаламандыктарды колдогондой таасир калтырганын жазган. Андан соң Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт британиялык телерадиокомпанияны "фейк маалымат каражаты" деп атаган.
Эске салсак, 2021-жылдын 6-январында Трамптын тарапташтары 2020-жылдын ноябрында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө тоскоолдук кылуу үчүн Капитолийдин имаратына кирип барышкан. Бул окуя Трампка импичмент жарыялоого жакшы себеп болуп берген.
Трамп 2025-жылы экинчи инаугурациясынан кийин Капитолийге чабуул жасаганы үчүн соттолгон 1,5 миңге жакын адамга мунапыс берүү боюнча жарлыкка кол койду. Жоопко тартылгандардын көбүнө бошотулгандан кийин да Вашингтонго барууга же штаттан чыгууга тыюу салынган. Трамп аларды Ак үйгө чакырууга убада берген.