БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн ичинде айлык акынын өсүү темпи боюнча Кыргызстан алдыда. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
2024 жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыктарын салыштыра келгенде республикада орточо маяна 19,6 пайызга жогорулаганын байкоого болот.
ЕАЭБдин башка мамлекеттериндеги көрсөткүч:
Беларусь — 18%;
Россия — 14,5%;
Казакстан — 10,7%;
Армения — 5,6%.