БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Каракол — Алматы — Каракол авиакаттамы жанданат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.
Каттамды Asman Airlines компаниясы тейлейт. Учактар 5-декабрдан тартып жума жана жекшемби күндөрү уча баштайт. Каттам кышкы туристтик мезгилди утурлай ачылып жаткандыктан аптанын аягында Алматыдан келип, эс алуучуларды жекшемби күнү кайра алып кетет.
Билет баасы 6 500 сомдон (39 000 теңге же 75 доллар) башталат.
"Алматы менен Караколдун ортосундагы аба байланышы 2010-жылдары бар болчу. Бирок 1970-жылдардан бери туруктуу каттамдар болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүнчүлөр билеттерди ишкананын сайтынан же мобилдик тиркемесинен онлайн сатып алса болот.