Нарындагы Үсөн Асанов атындагы лицейдин үч окуучу кызы Адинай Дүрбөлөңова, Арууке Майназарова жана Адалат Майназарова ушул жылдын август айынан бери менталдык арифметика боюнча бир нече эл аралык сынактарда байге утушту. Түркиядан 2 алтын, бир коло, Самарканддан 1 алтын, 1 коло алып келишкен. Ошондой эле жакында эле Казакстанда өткөн сынакта да байгелүү орунду ээлешти. Таланттуу окуучулар “Стимул” программасында конок болушуп, сынактар тууралуу айтып беришти.