Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы чоң салтанат менен ачылдыПесков Россиянын элдешүү шартын кабыл алган украиналыктар боюнча үн каттыКышкы туризм үчүн Алматы менен Караколду байланыштырган авиакаттам жанданатАлдыда кененирээкБүгүн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренесы чоң салтанат менен ачылды. Аренанын курулушу быйыл башталган. Буга чейин ал жерде кафе, ресторан, түнкү клубдар жайгашып, эски аренаны айрым бөлүктөрү каралбай калган.Кичи арена 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Анда спорттук мелдештерди жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрсө болот. Аянты 15,3 миң чарчы метр болгон имарат үч кабаттан туруп, астында жертөлө жана 80 унаага ылайыкталган автотоктотмо бар. "Жаштар майрамына карата курулушту аяктап, борбордун спорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүгө салым кошконубузга кубанычтабыз. Бул жерде кичи футбол, баскетбол, волейбол жана башка спорт түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрсө болот. Башында курулушка 700 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн, бирок учурдагы чыгым 1,3 миллиард сомго жетти", — деп белгиледи шаар мэри Айбек Жунушалиев. Жаңы ачылган спорттук комплексте жаштар күнүн утурлай "Кыялымдагы Кыргызстан" аталышындагы форум өтүүдө.
Каракол — Алматы — Каракол авиакаттамы жанданат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти. Каттамды Asman Airlines компаниясы тейлейт. Учактар 5-декабрдан тартып жума жана жекшемби күндөрү уча баштайт. Каттам кышкы туристтик мезгилди утурлай ачылып жаткандыктан аптанын аягында Алматыдан келип, эс алуучуларды жекшемби күнү кайра алып кетет. Билет баасы 6 500 сомдон (39 000 теңге же 75 доллар) башталат. "Алматы менен Караколдун ортосундагы аба байланышы 2010-жылдары бар болчу. Бирок 1970-жылдардан бери туруктуу каттамдар болгон эмес", — деп айтылат маалыматта. Жүргүнчүлөр билеттерди ишкананын сайтынан же мобилдик тиркемесинен онлайн сатып алса болот.
Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн ичинде айлык акынын өсүү темпи боюнча Кыргызстан алдыда. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. 2024 жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыктарын салыштыра келгенде республикада орточо маяна 19,6 пайызга жогорулаганын байкоого болот. ЕАЭБдин башка мамлекеттериндеги көрсөткүч: Беларусь — 18%; Россия — 14,5%; Казакстан — 10,7%; Армения — 5,6%.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков атайын аскердик операциянын Россиянын шарты менен аякташын каалаган украиналыктардын саны өсө берерин, бул туруктуу тенденция экенин билдирди. Кремль өкүлүнө Украина Илимдер академиясынын Социология институтунун директору Евгений Головаханын "согушту Россиянын шарты менен аяктоого макул болгон украиналыктардын саны 2022-жылдан бери төрт эсе өстү" деген билдирүүсүнө Москва кандай карайт деген суроо узатылган. "Украинада бул айтылгандарга ишеним канчалык экенин биз билбейбиз. Коомчулук азыр чочуп, кооптонуп турат. Бирок баары согуштан чарчады, бул айныгыс чындык. Мындай адамдардын саны көбөйө бермекчи", — деп жооп берди Песков. Ал муну менен бирге Россия Украинадагы согушту "болушунча тезирээк" бүткөрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Песковдун айтымында, тирешүү Россия качан гана өзүнүн түпкү максатына жеткенде токтойт.