Кыргызстанда 81 миң гектар жерге күздүк эгин айдалдыКара-Сууда "Көкчө-Көз" транспорттук-логистикалык борбору иштей баштадыБШК 147 млн. сом шайлоо төгүмү катары бюджетке которулганын айтты. Алдыда кененирээкКезексиз парламенттик шайлоого катышууну каалаган 507 жаран 300 миң сомдон шайлоо төгүмүн которду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. Бирок БШК 467 жаранды гана талапкер катары каттаган. Жылкыбаев шайлоо төгүмүн төккөн ортодогу 40 адамдын акчасы кайтарылбай турганын белгиледи. "Аларды БШК каттабай койгону менен акчасы берилбейт. Мыйзамда андай механизм да каралбаптыр. Кылмыш иши бар же чет элде жүрүп алганы өздөрүнүн күнөөсү да. Бул тууралуу талапкерлерге алдын ала айтылган", — деди БШК мүчөсү. Ал шайлоо төгүмү катары чогулган 147 миллион сом республикалык бюджетке которулганын кошумчалады. Мында I, II топтогу майыптар 50 миң сомдон, III топтогулар 70 миң сомдон которушкан. Шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпы 589 адам арыз таштаган, БШК 122 жаранды каттаган эмес. Алардын ичинде өзү баш тарткандар да бар.
10-ноябрга карата өлкө аймагында 81 миң 640 гектар аянтта күздүк эгиндер айдалып, жалпы иштердин 33 пайызы аткарылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдагы түшүм үчүн республиканын аймагында күздүк эгиндерди айдоо жалпы 250 миң гектар аянтка пландалган. Күздүк эгиндердин негизги түрлөрүн күздүк буудай жана арпа түзөт. Айдоо иштери учурда бардык аймактарда жүрүп жатат. Айыл чарба техникалары жана үрөн материалдары толук көлөмдө тартылып, жер иштетүү иштери оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө аткарылууда.Күздүк эгиндерди себүү иштери ноябрь айынын аягына чейин толук аякташы күтүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жергиликтүү бийлик органдары жана дыйкандар менен биргеликте себүү сапатына, жердин нымдуулук режимине жана агротехникалык талаптардын сакталышына көңүл бурулууда.
Ош облусунун Кара-Суу районунда "Көкчө-Көз" транспорттук-логистикалык борбору ишке берилгенин долбоорго каржылык колдоо көрсөткөн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Долбоордун наркы 8 миллион долларды түзөт, анын 3,5 миллионун РКӨФ бөлгөн. "Көкчө-Көз" ТЛБсы жалпы 17 гектар жерди ээлеп, күнүнө 700дөн ашуун жүк ташуучу унаа кабыл ала алат. Эркеч-Там — Ош — Өзбекстан жолунун боюндагы калктуу конуштардан үч чакырым аралыкта жайгашкан. Борбордо Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жөнөтүлгөн транзиттик жүктөрдү тариздөө боюнча кызматтын бардык түрү көрсөтүлөт. "Транпорттук-логистикалык борбордун аймагында "А" классына кирген жогорку технологиялуу кампалар болот. Мындан тышкары, фитосанитардык анализдер сыяктуу ветеринардык көзөмөлдүн бардык процедураларынан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн", — деди РКӨФ төрагасы Артем Новиков. Борборго таандык 5,05 гектар жерге 1000 машина баткыдай унаа токтотмолорун жана тамактануучу жайларды куруу каралган.
КШ Сенаты өкмөттү каржылоого багытталган мыйзамдар топтомун колдоп, өлкө тарыхындагы эң узак созулган шатдаундун аякташына жол ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Конгресстин жогорку палатасынын сайтындагы түз эфирге ылайык, процедуралык добуш берүүдө 60 сенатор демилгени колдогон. Бул — мыйзамдын өтүшү үчүн керек болгон минималдуу сан. Ал эми 40 сенатор каршы добуш берген.