Шаарды сүйсөң — тартипти сакта! Муниципалдык кызматкерлер эми көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга айып салууга укуктуу

Sputnik
Бишкек шаарындагы муниципалдык территориалдык башкармалыктардын кызматкерлери эми коомдук тартипти бузуу фактыларында протокол түзүп, айып пул салууга укук алышты. Буга чейин мындай учурларда протоколду негизинен муниципалдык инспекциянын кызматкерлери түзүшчү. Айып пул салуу процессинде жарандардын укуктарын сактоо, административдик ишти кароонун тартибин так аткаруу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу талап кылынат. Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу учурларынын эң көп кездешкен түрлөрүнө — уруксатсыз соода кылуу, таштандыны тиешелүү эмес жерге таштоо жана көрнөк-жарнактарды уруксатсыз орнотуу кирет.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын жетектөөчү адиси Лиана Бекишева жана Муниципалдык инспекциясынын улук инспектору Кубанычбек Мырзабеков эфирдин жүрүшүндө айтып беришти.