Жапаров өлкөнүн энергетика системасы 2027-жылдан тарта пайдага чыгарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын энергетика системасы 2027-жылдан баштап пайдага чыга баштайт. Бул туурасында өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Президент электр энергиясындагы төмөнкү көйгөйлөргө токтолду:
быйыл суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2 млрд куб метрге аз, ошондуктан чектөөсүз тарифке кошулууга бөгөт коюлду;
2020-жылдан бери энергетика жаатындагы 137 миллиард сомдук карыз 25 миллиард сомго түштү;
азыр кышкысын электр энергиясы 3 сомдун тегерегинде (өз баасы) импорттолуп, элге 1 сом 37 тыйындан берилет. Калган айырма Энергетика министрлигинин мойнунда;
электр кубатын үнөмдөп пайдалануу зарыл. Ар бир күйүп турган 100 ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат.
Мындан тышкары, Жапаров Кара-Кечеге 1200 мегаваттык жылуулук электр станциясын куруу иштери башталганын айтты.

"Бир жылдык өндүрүлгөн электр энергиясы 7 миллиард кВт-саатка чейин жетет. Станция 2,5 жылда ишке берилип, кышындагы дефицитти жабат", — деген мамлекет башчы.

Ал ошондой эле Камбар-Ата ГЭСи толук ишке кирсе Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланарын кошумчалады.
Электр кубатын сарамжалдоо: өкмөт жарык кайсы жерлерде өчө турганын айтты