БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрү Батыштын колдоосу азайганынан жана өздүк курамдагы дезертирликтен улам оор абалга тушукту. Бул тууралуу аскер аналитиги Хендрик Леммер ZDF телеканалынын эфиринен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мындай жагдай оор техниканын, ыраакка атылуучу жана абадан коргонуу системаларынын жетишсиздигине байланыштуу. Батыштан колдоо кыйла азайды", — деген эксперт.
Леммердин айтымында, ырааттуу коргонуп, фронттогу маанилүү аймактарды колдон чыгарбай кармап туруу мүмкүн болбогондуктан украин жоокерлери согуш чектерин таштап кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Аналитик укрин армиясынын түпкү көйгөйү өздүк курамдын жетишсиздиги экенин кошумчалап, мобилизация начар жүрүп жатканына токтолгон.
Октябрдын соңунда украиналык "Слово и дело" басылмасы өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянуу менен сентярь айында аскер бөлүгүн таштап кетүү боюнча 17 миңден ашуун иш козголгонун билдирген.
Ал эми украиналык журналист Владимир Бойко ушул жылдын сегиз айында дезертирлик менен кызматын таштап кеткен 143 миң учур катталганын, 2022-жылдын февралынан тарта эсептей келгенде бул сан 265 миңден ашарын жазган болчу.