Лавров: Украина боюнча жүргөн Россия — АКШ талкуусунун ой-чуңкуру көп

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россия менен АКШнын украин маселеси боюнча дискуссиясынын спектри абдан кеңири, бир багыт менен чектелбейт. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров РИА Новости агенттигине курган маегинде билдирди.
Министрге АКШ администрациясы Украинада тынчтык орнотуу планынын алкагында Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даярдыгын билдирген-билдирбегени боюнча суроо узатылган.
"Талкуунун ой-чуңкуру көп, спектри абдан кеңири. Айрым журналисттер менен эксперттер украин маселеси тар алкакта каралып жаткандай чагылдырышууда. Бул өзөгүндө туура эмес", — деген Лавров.
Ал сүйлөшүүлөрдүн айрым деталдары ачыкталбай турганын белгилеген. Лавров абал тирешүүнүн түпкү себептери жоюлуп, Россиянын улуттук кызыкчылыгы сакталганда гана жөнгө салынарын кошумчалады. Ал Крым маселеси 2014-жылы чечилип, биротоло жабылганын эске салды.
Министр муну менен бирге президенттердин Аляскадагы жолугушуусун эскертип, Америка тарап Владимир Зеленскийди тынчтык орнотууга тоскоолдук жаратпоого ынандырмактыгын белгиледи.
"Бул жаатта АКШ көп ийгиликке жете албай жатат сыяктуу. Анын үстүнө Брюссель менен Лондон Вашингтонду тынчтык орнотуу ниетинен баш тарттырууга жан үрөп жатат", — деди Лавров.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышта Украина Куралдуу күчтөрүн кыйноого салган эки жагдай аталды