Токмокто дарыгерди уруп жиберген мас айдоочуга дагы бир иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Токмок шаарында дарыгерди уруп жиберген мас айдоочуга карата "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Эске салсак, мас айдоочуну ооруканага патрулдук милиционерлер алып келген. Ал текшерүү маалында ызы-чуу салып, сөгүнүп, терезени талкалап, дарыгерди муштап жиберген.
Чүй ОИИБи буга чейин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, 32 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Андан соң соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча жаңы иш козголуп, айыпталуучу эки айга камакка алынды. Тергөө уланууда.
Токмоктун мурдагы мэри коррупцияга айыпталып, 13 жылга кесилди