БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россия АКШдан президент Владимир Путиндин Стратегиялык чабуул коюучу куралдар боюнча келишимде каралган чектөөлөрдү 2026-жылдын февралынан кийин узартуу сунушун колдоону суранбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров РИА Новости агенттигине маек куруп жатып айтты.
"Эч кимден эч нерсе деп суранбайбыз. Биздин жасаган кадамыбыз эки тараптын жана бүтүндөй дүйнө коомчулугунун кызыкчылыгына жооп берет. Жыйынтык оң болот деп үмүт артабыз", — деди министр.
Дипломаттын айтымында, демилгени ишке ашыруу үчүн АКШнын макулдугу талап кылынат. Лавров Россия чектөөлөрдү ыктыярдуу түрдө экинчи тараптын аракетине карап сактай турганын белгилеген.
Буга чейин президент Владимир Путин Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдар боюнча келишимде каралган чектөөлөрдү 2026-жылдын 5-февралынан кийин дагы бир жыл сактоого даяр экенин билдирген. Өлкө башчысы демилге АКШ макул болгондон кийин гана ишке ашарын айткан. Америка лидери Дональд Трамп Путиндин сунушун жактырганы маалымдалган болчу.