1991-жылы СССР урагандан кийин Кыргызстан да башка советтик республикалардай эле көп кыйынчылык тартты. Завод-фабрикалар жабылып, колхоз-совхоздор жоюлуп, жумушсуздук күч алды. Жан айласы менен Россияга жумуш издеп кеткендердин кээси бара-бара ал жерде отурукташа баштады да, кыргыз диаспоралары түптөлдү. Бул уюмдар ала-тоолуктардын башын кошуп, жергиликтүү бийлик менен тил табышып, бир топ маселени чечүүгө жетишти.
Sputnik Новосибирск шаарындагы "Ала-Тоо-Новосибирск" кыргыз диаспорасынын жетекчиси Орозбек Бөлтүрүков менен баарлашты. РФ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн III даражадагы капитаны, маданияттын мыкты кызматкери чет жактагы жашоо, кыргыз диаспорасынын тарыхы тууралуу айтып берди.
— Россияга кандайча келип отурукташып калдыңыз эле?
— Түптүн Шаты айылынан болом. 1980-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылып, Балтика аскер-деңиз флотунун катарында милдетимди аткаруу үчүн Чыгыш Германиядагы Росток шаарына түштүм. Ал кезде моряктар үч жыл кызмат өтөшчү. 1982-жылы командачылык аскердик-саясий училищеге жолдомо берди. Бирок 8-класстан кийин окубай койгондуктан аттестатым жок эле, мындан улам Дрездендеги советтик орто мектепке жөнөтүлдүм. Үч айда 9, 10 жана 11-классты бүттүм. Андан кийин Львов жогорку аскердик-саясий училищесин аяктап, кызматымды Түндүк жана Тынч океан аскердик флотунда уланттым. СССР ураганда жарым жылга чейин маяна берилбей абдан кыйналдык. Жубайым Зина аябай колдоп, пенсияга чейин чыда деп суранды. Пенсионер кошуналар материалдык жардам берген күндөр да болду. 2000-жылы Россиянын Аскер флотунун III даражадагы капитаны болуп пенсияга чыктым. Коргоо министрлиги Новосибирск шаарынан эки бөлмөлүү үй берди. Хабаровскиден бул жакка көчүп келип, отурукташып калдык.
— "Ала-Тоо-Новосибирск" диаспорасынын төрагасы болуп 2005-жылдан бери иштеп келе жатыптырсыз.
— Адегенде шаар мэриясы менен ДОСААФка ишке орноштум. Ошондо кыргыздар менен таанышып, катыша баштадым. Новосибирск тогуз жолдун тоомунда жайгашып, Сибирдеги сооданын борбору болгондуктан кыргызстандыктар 2000-жылы массалык түрдө келишти. Көбү Гусиноброд шоссесиндеги "Барахолка" базарында соода кылышчу. Курулуш жана тейлөө тармагында да кыргыздар көбөйө баштаган. Мындан сырткары, Новосибирск Сибирдеги өнөр жай, маданият жана илимдин ордосу болгондуктан аспиранттар менен студенттер окууга келе баштады. Ошол маалда диаспора түптөлдү. 2005-жылы төрагалыгына шайландым.
— Россиядагы диаспоралар негизинен 2000-жылдары негизделе баштабадыбы. Жаңы нерсенин ой-чуңкуру көп болот эмеспи, сиздер кандай кыйынчылыктарга тушуктуңуздар?
— Ал аябагандай чалкеш заман эмес беле. Кыргыздардын көбү документтерин мыйзамдаштыра элек болгондуктан басса-турса милициянын текшерүүсүндө эле. Экинчи жагынан "Барахолкада" соода кылган кыргыздарга рэкет салык салып турду. Аларга кошулуп мекендештерин тоногон кыргыздарды да көрдүк. Кандаштардын укугун коргоо үчүн мыйзам талаасында иштөө зарылдыгы жаралды. Фактыларды чогултуп, облус администрациясына, прокуратура, милицияга арыз жазып жатып, анча-мынча зордук-зомбулукту токтотууга жетиштик. 2003-жылы Новосибирскиде консулдук ачылып, кыргыз дипломаттары мигранттардын укугун активдүү коргой баштады.
Кылмыш жасап соттолгон кыргыздардын сотуна котормочу болуп катышкан күндөр болду. Кыздарыбыз жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйлөрүнө таштап кеткен күндөрдү баштан кечирдик. Айрымдарын таап, чүрпөсүн алууга көндүрчүбүз. Батир тапканча үйүмдө жашаткан мезгилдер болду. Новосибирскиде оорудан же кырсыктан каза болгон жердештердин сөөгүн Ата Мекенге жеткирүү түйшүгү жаралды, баары келип эле каражатка такалат эмеспи. Көп учурда соода кылган кыргыздардан акча жыйнадык. Башка тармактарда иштегендер, өкүлчүлүктөгүлөр да кошумча кылышчу. Базардагы башка улуттун өкүлдөрү да жардам берген күндөр болду. "Жүк-200дү" жөнөткөн учурларды эстесем жүлүнүм сыздайт...
Россияда мыйзам күчүнө киргенде гана кылмыштуу топтор басаңдап, соода кылган кыргыздардын жашоосу бир топ жеңилдеди.
— Убакыттын өтүшү менен кыргыздар жашоо үчүн эле күрөшө бербей, акырындап социалдык-маданий турмушка да аралаша баштагандыр?
— Албетте. Мисалы, калаа администрациясы маданий, билим берүү, спорттук иш-чара уюштурса бул жердеги студенттер, аспиранттар менен чогулуп элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын көрсөтүүгө умтулдук. Бара-бара жергиликтүү калк кыргыз диаспорасын тааный баштады. Бизге Ала-Тоодон көчүп келген теги славян, татар, уйгурлар жана башка улуттардын өкүлдөрү көмөк көрсөтөт. Алар биздин каада-салтты жакшы түшүнөт, жакшылык-жамандыкта жаныбызда. Бүгүнкү күндө Новосибирскиде болжол менен 40 миңге жакын кыргызстандык жашайт.
— Азыр кыргыздар кайсы тармактарда иштешет?
— "Барахолка" базары жабылып, анын ордуна чоң соода борбору ачылган. Соодадан мурункудай киреше түшпөй калгандыктан кыргыздар тамак-аш, курулуш тармактарына өтүп кетишти. Кээси шаардын четиндеги кыштактардан үй сатып алып, мал багышат. Ижарага жер алып арпа, буудай, картошка айдашат. Жайдын күнү козу карын чогултуп, айран, курут, кымыз жасап сатышат. Жайында боз үй тигип, турист тосушат. Күзүндө мал баккан жердештерибиз согум союшат. Азыр ооруканаларда, медициналык илим-изилдөө институттарында иштеген жаш кыргыз дарыгерлер көбөйдү. Мурда-кийин жайланышып алгандардын арасында банк, завод, курулушта эмгектенгендер көп. Жеке ишкана ачкандар арбын.
Кадимкидей эле той, ыр кесе, шеринелер өтүп турат. 2009-жылы маданият министри Султан Раев Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйлаган. Бул мен үчүн абдан чоң сыймык болду.
“Ала-Тоо-Новосибирск” кыргыз диаспорасынын төрагасы Орозбек Бөлтүрүков (оң жактан экинчи) атактуу кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (оң жактан үчүнчү), теги кыргызстандык Новосибирск шаарындагы “Вятан” диаспорасынын жетекчиси Хамид Тохтиев (сол жактан биринчи). Обь калаасы, Толмачёво аэропорту.
© Фото / из личного архива Орозбека Болтурукова
— Диаспора төрагалыгынан тышкары дагы эмне иш кыласыз?
— 2007-жылы шаардагы регионалдык "Флотское братство" деп аталган аскер-деңиз флотунун ардагерлеринин коомунун төрагасы болуп шайлангам. Мындан улам аскер комиссариаттары менен тыгыз кызматташам. Аракет кылып жатып он кыргыз жигитти аскер-деңиз флотунда кызмат өтөөгө жөнөттүк. Аскердик формамды кийип жубайым экөөбүз аларды армияга узаттык. Жигиттер аскердик кызматын мыкты өтөштү, айрымдары Россиянын жогорку аскердик институттарында окуп жатышат.
— Новосибирск сиз үчүн экинчи Мекен болуп калган экен да...
— Ооба, мен 1985-жылы Хабаровскиде окуп жүргөн убакта үйлөндүм. Жубайым Зина Караколдун кызы, орус тилинен мугалим. Уулум Деңиз, кызым Минора Хабаровскинин Советтик Гавань шаарында төрөлүштү. Балам да Түндүк аскер-деңиз флотунда кызматын өтөп, Сибирь суу-транспорт жогорку окуу жайын аяктаган. Азыркы учурда балык уулаган кемеде эмгектенет. Кызым Минора Астанада жашайт.