БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кечээ, 8-ноябрда, бутун кокустатып алган россиялык туристти куткарышты. Бул тууралуу ведомство кабарлады.
Маалыматта 29 жаштагы турист "Хижина Рацека" лагеринде бутун оорутуп алып, ӨКМден жардам сураганы айтылат.
Ала-Арча паркында нөөмөттө турган төрт куткаруучу чет өлкөлүк жаранды саат 23:50дө тоодон алып түшүп, ооруканага жөнөтүшкөн.