Столтенберг НАТО Украинага карап Үчүнчү дүйнөлүк согуш ачпай турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. НАТОнун мурунку баш катчысы жана Норвегиянын финансы министри Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык альянс Үчүнчү дүйнөлүк согуш ачпай турганын Times гезитине маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Столтенбергдин айтымында, 2022-жылы ал Владимир Зеленскийдин Украинанын асманына эч нерсе учпагыдай зона түзүү талабынан баш тарткан. Эгер киев режиминин башчысы айткандай болсо, НАТО Россия менен Беларуста турган абадан коргонуу системаларына сокку урууга мажбур болмок.
"Россиянын учагы же тик учагы асманга көтөрүлө турган болсо, биз аны атып түшүрүшүбүз керек болмок да НАТО менен Россиянын кадимки согушу башталмак. Биз аны каалабайбыз. Ошол кездеги президент Жо Байден айткандай, Украинага карашалап Үчүнчү дүйнөлүк согуш ачууга барбайбыз", — деди Столтенберг.
Ал ошондой эле НАТО Киев аскер күчүн жөнөтпөй Россия — Украина жаңжалына туура мамиле жасап жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык экс-аткаминер Путин баштаган атайын операциянын төркүнүн түшүнөрүн айтты