БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Антикино" аталышындагы рейд жүрүп жатканын Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
Кечээ, 8-ноябрда, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат менен ӨКМдин кызматкерлери шаардагы кино койгон жайларды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Аталган жайларда баңгизаттын бар-жогу кызматтык иттер менен текшерилген.
Шаардык милиция "Антикино" коомдук тартипти, адеп-ахлак нормаларын сакташы керектигин эскертет. Ошондой эле ата-энелерге кайрылып, жашы жете элек балдарын саат 22:00дөн кийин кароосуз калтыргандар административдик жоопкерчиликке тартыларын айтты.